Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-февралы № 27/97
Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын 2014 – жылда аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын 2014–жылда аткарган иштери боюнча шаардын муниципалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын төрагасы Э.Топчубаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын жаңы курамын сунуштоо шаардын мэрине тапшырылсын.
3. Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын төрагасы Э.Топчубаевке комиссиянын ишмердүүлүгүндө кетирилген кемчилдиктерди жоюу, менен муниципалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын сапатын жогорулатуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу жана жер тилкелерине болгон укуктарды сатуу, ижарага берүү боюнча комиссиясынын төрагасы Э.Топчубаевке Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчигиндеги обьектилердин классификацияларын даярдатып бекитүү үчүн шаардык кеңештин сессиясына алып чыгуу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |