Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-февралы № 27/98
Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын жарандарга жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча комиссиясынын 2014–жылда аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын жарандарга жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча комиссиясынын 2014–жылда аткарган иштери боюнча шаардын мэриясынын жарандарга жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча комиссиясынын төрагасы Ж.Рахматулаевдин маалыматы эске алынсын.
Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын жарандарга жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча комиссиясынына (Ж.Рахматулаев) милдеттендирилсин комиссиянын ишмердүүлүгүндө кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча мындан ары максаттуу иштерди алып баруу жагы.
Кызыл–Кыя шаарынын мэрине тапшырылсын шаардын мэриясынын жарандарга жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча комиссиясынынын курамын жаңылоо жагы.
Кызыл–Кыя шаарынын мэрине тапшырылсын шаардын генералдык планы боюнча маселени шаардык кеңештин сессиясына алып чыгуу жагы.
Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын жарандарга жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча комиссиясынынын төрагасы Ж.Рахматулаевке милдеттендирилсин жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алууга кезекте турган жарандардын тизмесин шаардын мэриясынын имаратынын 1–кабатына элге көрүнө турган жерине илип коюу жагы.
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жеке менчик турак жай куруу үчүн берилүүчү жер тилкелеринин аянты–алардын канча сотыхтан берилиши боюнча маселени кароо жагы тапшырылсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Маткалыков |