Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № 28/103
Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылга резервдик фондусунун каражатынан шаардык кеңешке бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын 1998–жылдын 11–июнундагы №78 «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө» Мыйзамынын 21–беренесине, ушул мыйзамдын 2004–жылдын 22–июлундагы №93, 2008–жылдын 14–февралындагы №14 редакцияларындагы мыйзамдарына негиз жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008–жылдын 13–июнундагы №297 токтому менен бекитилген жобого ылайык, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, жыл ичинде шаардык кеңеш тарабынан ар түрдүү иш чараларды өткөрүүгө, аларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды каржылоону камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнүн 1%га чейинки өлчөмүндө түзүлүүчү Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкарууcунун резервдик фондусунун акча каражатынын 70%ы аткаруу бийлигине–шаардын мэриясына, 30%ы өкүлчүлүктүү органына–шаардык кеңешке бөлүнүп берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы И.Жолдошовко жүктөлсүн.
Төрага | А. Маткалыков |