Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-июну № XXIII-2
Шаардын аймагындагы жер-жерлерде жыйындар өтүүчү жайларга (залдар, стадиондор, аянтчалар ж.б.) аренда акысын берүү жөнүндө
2015-жылдын күз айларында өтүүчү шайлоолорго байланыштуу, ар кандай партиялардын жыйындары өткөрүлүүсүнө шаардын аймагындагы жер-жерлерде жыйындар өтүүчү жайларга (залдар, стадиондор, аянтчалар ж.б.) аренда акысын берүү жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Ноокат шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2015-жылдын күз айларында өтүүчү шайлоолорго байланыштуу, ар кандай партиялардын жыйындары өткөрүлүүсүнө шаардын аймагындагы жер-жерлерде жыйындар өтүүчү жайларга (залдар, стадиондор, аянтчалар ж.б.) аренда акысы, түзүлгөн келишимдин негизинде мыйзам чегинде берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |