Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-июну № XXIII-3
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон үйлөрдүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон турак-жайлардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытын өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңеши отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Жамий атындагы көчөсүнүн №32 үйүнүн тургуну Закиржанов Азимжанга тиешелүү болгон жеке менчик 600,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 22 чарчы метринин багыты техникалык кызмат көрсөтүү жана 16 чарчы метринин багыты коммерциялык соода-сатык дүкөнү деп өзгөртүлсүн.
2.Ноокат шаарынын С.Калбеков атындагы көчөсүнүн №71 үйүнүн тургуну Колдошев Хабибилло Алижановичке тиешелү болгон Ноокат шаарынын Лутфуллаев атындагы көчөсүндөгү жайгашкан менчигиндеги 1018 чарчы метр жеке менчик турак-жайынын жер аянтынын ичинен 60 чарчы метринин багыты коммерциялык соода-сатык дүкөнү, 458 чарчы метр жер тилкесин курулуш материалдарын сатуучу жай деп өзгөртүлсүн.
3.Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн №44-11 үйүнүн тургуну Каканова Тумарга тиешелү болгон Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын түштүк тарабындагы жеке менчигиндеги 128 чарчы метр жер тилкесиндеги курулушунун багытын элге медициналык кызмат көрсөтүү үчүн медициналык борбору деп өзгөртүлсүн.
4.Ноокат шаарынын Ош көчөсүндө жайгашкан Уркуя Салиева атындагы балдар бакчасынын имаратынын түндүк-батыш тарабындагы 24,2 чарчы метр аянтына кошумча курулуш курууга макулдук берилсин.
5.Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |