Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 19/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда көрктөндүрүү- жашылдандыруу иштеринин аткарылышы жөнүндө (Айыл башчылар Э.Мааткалымов, Н.Акматов, К.Турусбеков, М.Дүйшөналиевдердин маалыматы)
Депутаттардын У- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл аймагындагы айылдардын айыл башчылары Э.Мааткалымовдун, К.Турусбековдун, Н.Акматовдун, М.Дүйшөналиевдердин маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчылары 2015-жылдын апрель-май айларына карата социалдык инфраструктураны жакшыртуу, көрктөндүрүү- жашылдандыруу боюнча аткарып келген иштеринде кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен төмөндөгүдөй баа берилсин.
А). Шамшы айылынын айыл башчысы Э.Мааткалымовдун иштеген иши “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
Б). Бугучу айылынын айыл башчысы Н.Акматовдун иштеген иши “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
В). Кум-Дөбө айылынын айыл башчысы К.Турусбековдун иштеген иши “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Ак-Жар айылынын айыл башчысы М.Дүйшөналиевдин аткарган иштеринде келтирилген кемчиликтерди өз убагында аткарбай, 2014-жылдын 20-сентябрындагы ХУ-сессиясындагы отчётунда айылдык кеңештин депутаттарынын баасы менен “Канааттандыраарлык эмес” деп табылганын, кезектеги ХIX-сессиясында өзүнүн маалыматын бербей кеткендиктен, айыл өкмөт башчысы С.Убалиевден, айыл башчы М.Дүйшөналиевге “Кызматтык жаза” берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча айылдык кеңештин кезектеги сессиясына маалымат берүү жагы айыл өкмөт башчысы С.Убалиевге тапшырылсын.
Төрага | А.Тургуналиев |