Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 19/2
Жазгы талаачылык иштерин жана сугат боюнча айдоого даярдыктары жөнүндө
Депутаттардын У- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл аймагындагы айылдардын айыл башчылары Э.Мааткалымовдун, К.Турусбековдун, Н.Акматовдун, М.Дүйшөналиевдердин маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда жазгы талаачылык иштери, сугат боюнча айдоого даярдыктары боюнча иштеген иштерине сын-сунуш айтуу менен төмөндөгүдөй баа берилсин.
А). Бугучу айылынын айыл башчысы Н.Акматовдун иштеген иши “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
Б). Шамшы айылынын айыл башчысы Э.Мааткалымовдун иштеген иши “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
В). Кум-Дөбө айылынын айыл башчысы К.Турусбековдун иштеген иши “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Жогорудагы айылдардын айыл башчыларына айтылган сын-сунуштарды өз убагында аткарып туруу жагы милдеттендирилсин.
3. Айылдардын айыл башчыларына айтылган сын-сунуштардын аткарылышы боюнча көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысы С.Убалиевге тапшырылсын.
Төрага | А.Тургуналиева |