Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 19/3
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүндө берилген аренда жерлеринин пайдаланылышы жана аренда акыларынын чогулушу жөнүндө
Депутаттардын У- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жер турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновдун аткарып келген иштери “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Айыл тургундарга берилген аренда жерлердин туура пайдаланылышы өз убагында келишимдеги аренда акысын талап кылып, өндүрүп төктүрүү жагы жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновго тапшырылсын.
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтү боюнча айыл тургундарга берилген аренда жерлердин мөөнөтүн тактап, кийинки жылдарга иш кагаздары менен даярдык көрүү жагы жер адис Н.Осмоновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тургуналиева |