Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 19/4
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Сан-Хе” фирмасынан түшкөн каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
Депутаттардын У- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевдин “Сан-Хе” фирмасынан түшкөн каражатты бөлүштүрүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Сан-Хе” фирмасынан түшкөн 1.346 миң сомду төмөндөгү соц.обьектилерге кызмат кылуу үчүн бөлүнсүн.
А). Айыл өкмөтүнүн-бала бакча, клуб, китепкана жана кеңсеге жумшалган, электр энергиясына 300.0 (үч жүз миң) сом.
Б). Айыл тургундардын төрт-түлүк малдарына алдын-ала вакцин алууга 150.0 (бир жүз элүү миң) сом бөлүнүп, жыл аягына чейин кайтарылып бөлүнсүн.
В). Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жаштар кеңешин уюштуруу иштерине кызмат кылууга 15000 (он беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнгөн каражатты мыйзам чегинде келишимдин негизинде иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тургуналиева |