Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 19/5
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Сан-Хе” фирмасына берилген жери жөнүндө
Депутаттардын У- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевдин, айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновдун маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагынан “Түндүк” “Барит” кенин ачууга арендага берилген 3.30 (үч га 30 сотых) жери мыйзам чегинде берилгени такталсын.
2. “Түндүк” “Барит” кенине берилген “Сан-Хе” фирмасына туура эмес берилсе, Кочкор райондук прокуратурасына берилсин.
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтү менен “Сан-Хе” фирмасынын ортосундагы түзүлгөн келишим, өзгөртүлө турган болсо, айылдык кеңешинин айыл жана жер реформасы, айлана чөйрөнү коргоо, курулуш жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы менен бирдикте иш алып барылсын.
4. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Түндүк-Барит” кенин Кочкор мурунку ПОШко кетүүчү жолдор такталып, көрсөтүлгөн багыт менен ташылсын.
5. Кочкор- Кум-Дөбө асфальт жолу менен оор жүк ташуучу автоунаалар өтүүгө тыюу салынсын.
6. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тургуналиева |