Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 19/6
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасына түзүлгөн жамааттардын аттарын жана Уставын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын У- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл башчылардын маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айылдык кеңешинин аймагында коомдук башталышта түзүлгөн БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасына түзүлгөн жамааттардын аттары жана Уставдары бекитилсин.
Шамшы айылынан:
“Береке”, “Ырыскы”
Кум-Дөбө айылынан:
“Ырыс алды ынтымак” “Жашоо”
Бугучу айылынан:
“Бугучу-ынтымак”
2. Кум-Дөбө айылдык кеңешинин аймагында түзүлгөн Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы боюнча түзүлгөн жамааттардын лидерлери-башчылары мыйзам чегинде каттоодон өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Тургуналиева |