Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 19/7
Кум-Дөбө айылдык кеңешине арыз даттануулар менен келген каттарды кароо жөнүндө
Депутаттардын У- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айылдык кеңешинин төрайымы А.Тургуналиева айылдык кеңешине түшкөн арыздардын мазмуну боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айылынын тургуну Молдалиеванын жазган арызын, айылдык кеңештин мандат, депутаттык иш, этика мыйзамдуулукту, коомдук тартипти сактоо жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2. Кум-Дөбө айылынын тургун Молдалиеванын арызын айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, тиешелүү чара көрүлүп, арыз ээсине жазуу түрүндө жообун жөнөтүү жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Шамшы айылынын УДТ № 4 жамаатынын жазган кайрылуусун, айылдык кеңештин экономика, бюджет, финансы жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Кум-Дөбө айылынын Токонбаев Шарше көчөсүнүн тургундарынын атынан жазылган арызы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге жана айыл башчысы К.Турусбеков тез арада тиешелүү мекемелер менен бүткөрүү жагы тапшырылсын.
5. Шамшы айылынын тургуну Исакова Акжолтойдун жазган арызы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына берилсин.
6. Шамшы айылынын тургуну Исакова Акжолтойго тиешелүү документтерин таап берүү жагы жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновго тапшырылсын.
Төрага | А.Тургуналиева |