Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 23-1
Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Топ-Жангак участкасындагы “Эл нуру” бала бакчасына каражат бөлүү жөнүндө
Кара-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын корутундусун угуп Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Топ-Жангак участкасындагы “Эл нуру” бала бакчасына мебель алуу үчүн 50 000 сом каражат бөлүнсүн.
Төрага | Т.Керимкулов |