Редакцияот 03.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеңешинин  XXVI чакырылышынын кезексиз  XIV сессиясы

 

2015-жылдын 3-июлу № 2

 “Кормоцех участкасындагы жаңы 225 орундуу орто мектебине Социалистик  Эмгектин Баатыры Камал Султановдун атын ыйгаруу жөнүндө” 

Күн тартибиндеги экинчи маселени карап жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык Кеңешинин XXVI  чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

Кормоцех участкасындагы жаңы 225 орундуу орто мектебине Социалистик эмгектин Баатыры Камал Султановдун аты ыйгарылсын.

Мектепке керектелүүчү юридикалык документация иштерин жүргүзүү жагы Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын М. Султанов эмгек өргуудө болгондугуна байланыштуу убактылуу милдетин аткаруучу Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Орозалиевге милдеттендирилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сакалды айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т. Исмаиловго милдеттендирилсин.

 

Төраганын орун басары

Таалай Исмаилов