КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айылдык кеңешинин он жетинчи сессиясы
2015-жылдын 29-апрели № 1
Материалдык жардам берүү жөнүндө
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кушбаковтун материалдык жардам сурап кайрылган жарандар тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Катыранкы айылынын айыл башчысы Көчөров Талантын кызы ооруп жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20.000 (жыйырмамиң) сом акча каражаты жардам катары бөлүнүп берилсин.
2. Сары-Булак айылынын тургуну Мамарасулова Күлийпага уулун Кадамжайдагы үй интернатына жеткирүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10.000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнүн башчысы Курбанбаев Манаска жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Калимбетов |