Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 2
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерден трансформацияга берүү жөнүндө
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу адиси А.Орозалиевтин турак жай куруу үчүн кайрылган жарандар тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык, Көк-Булак жана Талаа-Булак участкаларынан трансформациялоого жалпысынан 10 га жерге керектүү иш кагаздары даярдалсын.
2. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жана иш кагаздарын тийиштүү органдарга жөнөтүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Орозалиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кушбаковго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Калимбетов |