Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-июну № 1
Жер тилкесин которуу жөнүндө
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кушбаковдун кайрылуусун жана даярдалган иш кагаздарды, материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,13,15,25,31-беренелерине, Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14.02.1998-жылдагы № 66,19.03.2014-жылдагы № 169 токтомдоруна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүнөзү башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участкасындагы № 22-контурдан 10,0га жер аянты көп жылдан бери Жалал-Абад шаарында жайгашкан № 704 аскер бөлүгүок атуучу талаа катары пайдаланып келгендигине жана малекеттик муктаждыктарга байланыштуу айыл чарба багытындагы жерлери категориясынан жайыт жеринен коргонуунун жерлери категориясына которууга уруксат берилсин.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин ушул токтомун мыйзамдык актыларга негиз аткарылышы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кушбаковго жана жайыт комитетинин төрагасы Ж. Раевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Калимбетов |