Редакцияот 30.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЫРЫС АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ  XVII  СЕССИЯСЫ

 

2015-жылдын 30-майы № 17/1

 Кыр-Жол айылындагы жер көчкүсү жана анын кесепеттерин жоюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 18-беренесине, Жер Кодексинин 11,13-беренелерине, «Жеке менчик турак-жай куруу  үчүн жер участогун берүүнун тартиби жөнүндөгү» Жобонун 5-пункутуна, Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы № 145 «Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы № 169-токтому менен бекитилген Жобонун 11,13,15,17,20-беренелерине, Кыргыз Республикасынын 31.07.2009-жылдагы № 30-«Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка түрлөрүнө жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөгү» Мыйзамдын 1-беренесине негизденип, Ырыс айыл өкмөтүнүн 28.05.2015-жылдагы № 234-кайрылуусун жана айыл кеңешинин туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун сунушун депутаттар кезексиз сессияда талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ырыс айыл кеңешинин жана Ырыс айыл өкмөтүнүн 24.05.2015-жылы Кыр-Жол айылындагы жер көчкүсүнөн жапа чеккендерге ар тараптуу жардам уюштуруу жана көчкүнүн кесепеттерин жоюу боюнча аткарылып жаткан иштери аягына чейин жеткирилсин.

2. Ырыс айыл кеңешинин Чымчык-Жар айылынын аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы мамлекеттик фондунун 10(он) га жер аянты Кыргыз Республикасынын 31.07.2009-жылдагы №30- мыйзамынын 1-беренесинин жана жерлерди которуу(трансформациялоо) боюнча айыл өкмөтү тарабынан даярдалган иш кагаздарынын негизинде калктуу конуш жерлери категориясына которууга макулдук берилсин. 

3. Кыр-Жол айылындагы жер көчкүсүнөн жабыр тарткан тургундарын жана турак-жай курууга муктаж болгон жарандарды турак-жай куру үчүн жер тилкеси менен камсыз кылуу боюнча Чымчык-Жар айылынын аймагынан которууга макулдук берилген жер тилкесине турак-жай куру үчүн даярдалган жердин схемалык башкы планы, жарандарды турак-жай куру үчүн жер тилкеси менен камсыз кылуу жана аймактагы жаңы конуштарды түзүү боюнча программасы бекитилсин.

4. Айыл кеңештин аймагындагы айыл чарба жерлерин  башка  максатта пайдаланылып турган категориясына которуу боюнча иш кагаздарын даярдап, жерлердин категорияларына өзгөртүүлөр киргизилип жана бул маселени мыйзам ченемдүү чечип берүү жагы жогорку бийлик органдарынан суралсын.

5. Токтом боюнча иштерди уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Имановго милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

7. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

Т.М.Атакулов