Редакцияот 30.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЫРЫС АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ  XVII  СЕССИЯСЫНЫН

 

2015-жылдын 30-майы № 17/2

«Жер тилкелерин муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 10.04.2014-жылдагы № 01-11/1440 сандуу катынын негизинде, айыл чарба жерлери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Ырыс айыл кеңеши 30.05.2015-жылдагы ХVII кезексиз сессиясында депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 10.04.2014-жылдагы № 01-11/1440 сандуу катынын негизинде, айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, төмөндөгү жер тилкелери муниципалдык менчикке бекитилсин:

2. Ладан-Кара  айылындагы Сулайманов Мамыт көчөсүнүн күн батыш   тарабындагы калктуу конуш эсебиндеги 105 (бир жүз беш) м2 жер аянты.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевке милдеттендирилсин.

4. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

Т.М.Атакулов