Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-майы № 17/3
«Айыл аймакта мал чарбасынын асылдуулугун жогорулатуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында асыл тукумдуу мал чарбасы жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы экономикалык негиздери жөнүндөгү» Мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 09.04.2013-ж. № 187 токтомунун негизинде, айыл кеңештин айыл жана суу чарба боюнча туруктуу комиссиясынын, ошондой эле айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору Р.Эрназаровдун жана айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы М.Узденовдун берген сунуштарын депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында мал чарбасын өнүктүрүү иштерин, фермердик жана жеке чарбалардын малдарынын асылдуулугун жогорулатуу боюнча бир айдын ичинде атайын иш чара иштеп чыгуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Малды жасалма жол менен уруктандырууга багытталган жабдууларды «Узак» ветсервисинен айыл өкмөтүнүн балансына бир айдын ичинде кабыл алуу жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Кабыл алынган жабдуулардын төлөмдөрүн жана калган кайтарымын тиешелүү жерге өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Х.Юлдашевке милдеттендирилсин.
4. Токтомундун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана суу чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевге милдеттендирилсин.
5. Токтом массалык маалмат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М.Атакулов |