Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-майы № 17/4
«Ырыс айыл өкмөтүнүн Ырыс айылынын тургундарынын атынан жазылган арызды канааттандыруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылдагы № 101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-31-44-беренелеринин, Ырыс айыл өкмөтүнүн Ырыс айылынын тургундарынын жазган арызын канааттандыруу максатында айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын сунушун депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ырыс айыл аймагынын Ырыс айылында жайгашкан «Молдо Калил» атындагы мечит ээлеген -0.11 га жер аянты «Молдо Калил» атындагы мечитке мөөнөтсүз пайдаланууга бекитилип берилсин.
2.«Молдо Калил» атындагы мечитке мөөнөтсүз пайдаланууга бекитилип берилген жерге керектүү иш кагаздарын тийиштүү мекеме-уюмдардан даярдатып алуу, каттоодон өткөрүү төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн өз убагында төлөө, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы «Молдо Калил» атындагы мечиттин имамы С.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
3.Сузак раймамжеркаттоо башкармасынан «Молдо Калил» атындагы мечитке мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берилген жерге тиешелүү жерге жайгаштыруу боюнча бардык иш кагаздарын даярдап, каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ырыс айыл кеңешинин айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевге жана айыл өкмөтүнүн башчысы К.Имановго милдеттендирилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Атакулов Т.М. |