Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-майы № 17/5
“Ырыс айыл өкмөтүнүн Кыр-Жол айылындагы № 93-контурундагы жайыт жерди өнөр жайдын алдындагы байланыш жерлер категориясына которуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,12,18-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15- июлундагы №145 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-март 2014-жылдагы №169 жана 14-февраль 1998-жылдагы №66 токтомдоруна, Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын 24-апрель 2015-жылдагы №111 корутундусуна, Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын 20-апрель 2015-жылдагы №71 корутундусуна, Жалал-Абад областынын шаар куруу жана архитектурасы боюнча Сузак башкармалыгынын 24-апрель 2015-жылдагы №93 корутундусуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын 24-апрель 2015-жылдагы №251 корутундусуна негиздеп, Ырыс айыл өкмөтүнүн айыл жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Ырыс айыл Өкмөтүнүн Кыр-Жол айылынын тургундарын сапаттуу уюлдук байланышы менен камсыз кылуу максатында Ырыс айыл кеңешинин депутаттары талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ырыс айыл өкмөтүнүн Кыр-Жол айылындагы № 93-контурдан 25 (жыйырма беш) чарчы метр жер аянты жайыт жерлер категориясындагы жерлерден өнөр жай алдындагы байланыш жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан жер балансасына өзгөртүлөрдү киргизүү жагы суралсын.
3. Которулган жер Ырыс айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл жана суу чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Багишевке жана Ырыс айыл өкмөтүнүн айыл чарба бөлүмүнүн башчысы У.Абжалиловко милдеттендирилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М.Атакулов |