Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-августу № 113
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин жылытуу системасын куруу жөнүндө
Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин жылытуу системасын курууга акча каражатын бөлүп берүү боюнча жалпы депутаттардын добушуна ылайык айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 13-сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин жылытуу системасын курууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 499319-00 (төрт жүз токсон тогуз миң үч жүз он тогуз ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин бюджет, финансы,экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.Жунусалиев |