Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-сентябры № 118
“Өзгөн Энерго Уголь” көмүр кен ишчилерине керектүү шарттарды түзүп берүү үчүн убактылуу майда курулуштарды курууга уруксат берүү жөнүндө
“Өзгөн Энерго Уголь” ишканасынын 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 139 сандуу кайрылуу катынын негизинде жана көпчүлүк депутаттардын добушуна ылайык Салам-алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 14-сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык жана “Өзгөн Энерго Уголь” ишканасынын 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 139 сандуу кайрылуу катынын негизинде жана көпчүлүк депутаттардын добушуна ылайык “Өзгөн Энерго Уголь” көмүр кен ишканасы иштетип жаткан Муз-Булак көмүр кен ишчилерине санитардык коопсуздугу үчүн убактылуу майда курулуш курууга уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочуларына көмүрдүн бир тоннасы үчүн баа 2000 (эки миң ) сомдон ашпасын.
3. Токтомду мыйзам чегинде жүргүзүү жана аткаруу Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага | П.Жунусалиев |