Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-сентябры № 119
Эркин-Тоо айылынын аймагында көрүстөн жайына ылайыктуу жер жоктугуна байланыштуу, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кургак участкасынан кайра бөлүштүрүү фондусунан жер алмашуу жөнүндөгү Кызыл-Тоо айыл кеңешинин 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 20 сандуу өтүнүч каты жөнүндө
Эркин-Тоо айылынын аймагында көрүстөн жайына ылайыктуу жер жоктугуна байланыштуу, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кургак участкасынан кайра бөлүштүрүү фондусунан жер алмашуу жөнүндөгү Кызыл-Тоо айыл кеңешинин 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 20 сандуу өтүнүч катын талкуулап, көпчүлүк депутаттардын добушунун негизинде айыл кеңешинин 5-чакырылыш 14-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Эркин-Тоо айылынын аймагында көрүстөн жайына ылайыктуу жер жоктугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жана Кызыл-Тоо айыл кеңешинин 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 20 сандуу өтүнүч катын талкуулап, көпчүлүк депутаттардын добушунун негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кургак участкасынын кайра бөлүштүрүү фондусунан 2 (эки ) га жер кайрак чоп ормо жер аянты Кызыл-Тоо айыл өкмөтү менен алмашылсын.
2. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнөн алмашууга берилүүчү жерди тактоо, эл пайдалана турган, мал баспай турган, ыңгайлуу жерди караштыруу үчүн Салам-Алик айыл кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн биргелешкен төмөндөгү комиссия курамы түзүлсүн:
1. Кунаев Шухрат -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;
2. Нуралиев Насирдин -Салам-Алик айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;
3. Сыдыков Жыргалбек -айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
4. Жунусалиев Пазыл -айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
5. Бешимбаев Айтбай -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси, комиссиянын мүчөсү;
6. Нуралиев Жылдызбек -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын мүчөсү;
7. Назарматов Сүңүнбек -салам-Алик айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын мүсөсү;
3. Жогорудагы түзүлгөн комиссиянын бүтүмү кандай чечсе ошого жараша иш алып барылсын.
4. Токтомду аткарууну жана көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин айыл, мал жана токой чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.Жунусалиев |