Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-сентябры № 122
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кош-Этер айылындагы Таш-Кыя участкасындагы борбордук көчөгө атуул, маркум үркүнбаев Бакыштын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кош-Этер айылындагы Таш-Кыя участкасындагы жашоочуларынын арыз-кайрылууларына ылайык борбордук көчөгө атуул, маркум үркүнбаев Бакыштын ысымын ыйгаруу жөнүндө айыл кеңешинин 5-чакырылыш 14-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Этер айылындагы Таш-Кыя участкасындагы айылдын эски тегирменинин тушунан Окелов Төрөбайдын үйүнө чейинки борбордук көчөгө атуул, маркум үркүнбаев Бакыштын ысымы ыйгарылсын жана “үркүнбаев Бакыш” атындагы көчө деп аталсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П.Жунусалиев |