Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-сентябры № 123
Айыл чарбасына жарактуу жерлерди ижарага берүү жана айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу боюнча аукциондук комиссия курамына өзгөртүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси А.Бешимбаевдин маалыматын угуп, айыл кеңешинин 5-чакырылыш 14-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлерин өздөштүрүү, асылдандыруу, туура пайдалануу максатында ижарага берүү жана айыл чарбасына жараксыз айылдын арасындагы, айылдан сырткаркы жерлерди сатуу боюнча төмөндөгүдөй аукциондук комиссия курамына өзгөртүү киргизилсин:
1. Кунаев Шухрат-Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты, айыл чарбасына жарактуу жерлерди ижарага берүү жана айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу боюнча аукциондук комиссиясынын төрагасы;
2. Сагынов Акбар -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
3. Назарматов Сүйүнбек -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
4. Абдыразаков Талант -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү;
5. Бешимбаев Айтбай -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси, комиссиянын мүчөсү;
6. Нышанбаев Дүйшөбай -комиссиянын катчысы;
7. Тиешелүү айылдын айыл башчысы -комиссиянын мүчөсү;
2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин айыл, мал чарбасы жана мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П.Жунусалиев |