Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-сентябры № 125
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Чарба айылындагы маданият үйүнө, Кош-Этер айылындагы клубка жана Салам-Алик айылындагы спорт комплекске штаттык бирдиктерди ачуу жөнүндөгү Салам-Алик айыл кеңешинин 2014-жылдын 8-февралындагы № 71 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Чарба айылындагы маданият үйүнө, Кош-Этер айылындагы клубка жана Салам-Алик айылындагы спорт комплекске штаттык бирдиктерди ачуу жөнүндөгү Салам-Алик айыл кеңешинин 2014-жылдын 8-февралындагы № 71 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө көпчүлүк депутаттардын сунушуна ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 14-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Чарба айылындагы маданият үйүнө, Кош-Этер айылындагы клубка жана Салам-Алик айылындагы спорт комплекске штаттык бирдиктерди ачуу жөнүндөгү Салам-Алик айыл кеңешинин 2014-жылдын 8-февралындагы № 71 токтомунда жазылган төмөндөгү сүйлөмдөр:
- “Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кызыл-Чарба айылындагы клубка жетекчилик бир штаттык бирдик, Кош-Этер айылындагы клубка жетекчиликке бир штаттык бирдик ачтырып берүү Өзгөн райондук мамлекеттик админстрациясынан жана райондук маданият бөлүмүнөн суралсын;
-Штаттык бирдиктер ачылгандан кийин акча каражатын жана эмгек акысын мыйзам чегинде сметага ылайык төлөп берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин”-деген сүйлөмдөр алынып салынсын.
2. Жогорудагы маданият үйүнүн штаттык бирдиктерине каржылоону токтотуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Салам-Алик айыл кеңешинин кеңешинин бюджет, финансы,экономика жана байланыш тармактары боюнча жана билим берүү, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | П.Жунусалиев |