Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 128
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-кварталына карата жергиликтүү бюджетке кошумча смета кабыл алуу боюнча
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Нуралиева Канышайдын билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 15-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-кварталынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн төмөндөгү лицензия кармагандыгы үчүн 14151200 статьясына 1100,0 миң сомго өзгөртүү киргизилип, чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү разделдерине 1100,0 миң сомго кошумча смета түзүлсүн.
1. Билим берүү разделинин 22156900 статьясына 435,5 миң сом:
- Р.Сатыбалды уулу орто мектебинин жылытуу системасын курууга
185,5миң сом;
-Ак-Терек орто мектебинин жылытуу системасынын үстүн жабууга
84,0 миң сом;
-Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин жылытуу системасынын үстүн жабуууга
120,0 миң сом;
-Р.Сатыбалды уулу орто мектебинин жылытуу системасын куруу үчүн
тех.надзор жалдоо үчүн 30,0 миң сом;
-Ак-Терек орто мектебинин котельныйына керектүү жабдыктарды алууга
16,0 миң сом;
2. ЖКХ разделинин 22156900 статьясына 664,5 миң сом:
-Кош-Этер айылындагы ФАПтын чатырын алмаштыруу үчүн строй
материал алууга 75,8 миң сом;
-Салам-Алик айылына көмүрдү каттоо кароолкана куруу үчүн курулуш
материалдарына 121,6 миң сом;
-Кызыл-Байрак айылына спорт аянтча курууга 210,0 миң сом;
-Дубитель, Салам-Алик жана Кызыл-Байрак айылдарынын башкы
планын бекитүүгө 5,9 миң сом;
Кызыл-Байрак айылындагы ФАПтын ремонту үчүн курулуш
материалдарга 33,0 миң сом;
-Ар кандай чыгымдар үчүн 218,2 миң сом;
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл кеңешинин бюджет, финансы. экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П.Жунусалиев |