Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 130
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында курулуучу жана ремонттолууучу соц, обьектилерге акча каражаттарын чыгымдоо жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында курулуучу жана ремонттолууучу соц, обьектилерге акча каражаттарын чыгымдоо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн төмөндөгү обьктилерге түзүлгөн долбоорлоруна ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 15-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн төмөндөгү социалдык обьектилеринин курулушуна жана ремонтторуна акча каражаттары бөлүнсүн:
-Кош-Этер айылындагы ФАПтын чатырын алмаштыруу 75790-0 сом
-Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жылытуу системасынын
имаратынын үстүн жабуу 120000-00 сом
-Ак-Терек орто мектебине керектүү жабдыктарды алуу 16000-00 сом
-Салам-Алик айылындагы көмүрдү каттоо үчүн курула турган
кароолканага чыгымдала турган материалдарга 121610-00 сом
-Кызыл-Байрак айылына спорт аянтча курууга 210000-00 сом
-Ак-Терек орто мектебинин жылытуу системасынын
имаратынын үстүн жабуу, ремонттоо 84000-00 сом
-Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин жылытуу
системасынын имаратын куруу үчүн тех.надзор жалдоого 30000-00 сом
-Дубитель, Салам-Алик жана кызыл-Байрак айылдарынын
башкы планын бекитүүгө 5886-00 сом
-Кызыл-Байрак айылындагы ФАПтын ремонту үчүн 33000-00 сом
Бардыгы 696286-00 сом (алты жүз токсон алты миң эки жүз сексен алты ) сом.
2. Жогорудагы акча каражаттарын бөлүп берүү Cалам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын ккөзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П.Жунусалиев |