Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 131
«2015-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына К3-1,0 зоналдык коеффициент жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коеффициентти бекитүү жөнүндө
«2015-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына К3-1,0 зоналдык коеффициент жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коеффициентти бекитүү жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн салык инспектору Термечиков Байыш Рысбаевичтин маалыматын угуп Салам -Алик айыл кеңешинин 5-шайланган 15-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык 2015-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына К3-1,0 зоналдык коэффициенти жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэффициенти бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Жунусалиев П. |