Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 132
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Чарба айылына бала бакча ачуу жөнүндө
Салам-Алик айыл кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын торайымы Б.Калмурзаеванын жана М.Сагынова атындагы орто мектебинин директору Б.Биймурзаеванын Кызыл-Чарба айылына бала бакча ачуу боюнча маалыматтарын угуп Салам -Алик айыл кеңешинин 5-шайланган 15-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Чарба айылында көптөгөн үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын чечүү максатында балдар бакчасын уюштуруу боюнча жалпы элдик чогулуштун токтому бекитилсин. Кызыл-Чарба айылынын тургуну Атиров Кубанычбектин үйүнүн ээлеген аянтына балдар бакчасы ачылсын.
Кызыл-Чарба айылындагы балдар бакчасынын аты «Ризван» деген аталышта аталсын.
Кызыл-Чарба айылындагы балдар бакчасынын көмүр-отун, тамак-аш продуктылары менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен мүмкүнчүлүгүнө жараша камсыздоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө сунушталсын.
Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан жана райондук билим берүү бөлүмүнөн ушул токтомду бекитип берүү жагы.
Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан жана райондук финансы бөлүмүнөн Кызыл-Чарба айылындагы балдар бакчасын мамлекеттик бюджетке өткөрүп берүү жагы.
Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П.Жунусалиев |