Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 134
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн айылдарына электр столбаларына акча каражатын бөлүштүрүү жана столбаларды айылдарга бөлүү жөнүндө
Айыл кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө алынып келүүчү 58 (элүү сегиз) столба үчүн жана траспорттук чыгымдарына айыл өкмөтүнөн 496477(төрт жүз токсон алты миң төрт жүз жетимиш эки) сом бөлүнүп берилсин жана бөлүп берүүнү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Айыл кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык жана көпчүлүк депутаттардын добушунун негизинде айылдарга бөлүнүүчү электр столбалар айылдар боюнча төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн:
Кызыл-Чарба айылына 12 столба
Салам-Алик айылына -
Ак-Терек айылына 18 столба
Кош-Этер айылына -
Кызыл-Байрак айылына 9 столба
Ара-Көл айылына 10 столба
15 жаш айылына 9 столба
Бардыгы 58 столба (элүү сегиз)
3. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага | П.Жунусалиев |