Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 135
Кызыл-чарба айылынын Дубитель участкасындагы көчөлөргө ат коюуу жөнүндө
Кызыл-Чарба айылынын элдик жыйынын 2014-жылдын 23-мартындагы № 1 протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 15-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Чарба айылынын элдик жыйынын 2014-жылдын 23-мартындагы № 1 протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Кызыл-Чарба айылынын Дубитель участкасындагы борбордук көчөсүнө Асанов Атантайдын ысымы ыйгарылсын жана “Асанов Атантай атындагы көчө” деп аталсын
2. Дубитель айылындагы ички көчөсүнө Салиев Раимжандын ысымы ыйгарылсын жана “Салиев Раимжан атындагы көчө” деп аталсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.Жунусалиев |