Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-майы № 21-1
Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинин 016-2018-жылдарга бюджеттин орто өөнөттүү болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы №103-б буйругун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 23-мартындагы №29-01-1/2878 катын,Ноокат райондук финансы бөлүмүнүн 2015-жылдын 24-апрелиндеги №21 «2016-2018-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун даярдоо боюнча » катын аткарууга алуу максатында Найман айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардан келип түшкөн расчеттордун негизинде айыл өкмөттүн бюджетинин 2016-2018-жылдарга иштелип чыккан бюджеттин болжолу жактырылсын.
2. Жактырылган бюджеттин долбоорунун негизинде иш алып баруу жана бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү боюнча иштерди аткаруу Найман айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |