Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-майы № 21-2
Найман айыл аймагында жайгашкан «Найман» балдар бакчасынын штаттык бирдигине өзгөртүү киргизүу жөнүндө
Найман айыл аймагында жайгашкан «Найман» балдар бакчасынын имаратында балдарды тарбиялоого шарт жана кааналар жетиштүү болгондуктан эки тайпага ылайык штаттык бирдик кошуп берүу максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл аймагында жайгашкан «Найман» балдар бакчасына штаттык бирдик ачууга шарт жана кааналар жетиштүү экендиги жана эки тайпалык штаттык орун ачууга шарт бар экендиги белгиленсин.
2. «Найман» балдар бакчасына эки тайпалык штаттык бирдик ачып берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Штаттык бирдик ачууну жана балдар бакчасында иштөөгө шарт түзүү Найман балдар бакчасынын жетекчиси К.Курбаналиевага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |