Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июну № 22-1
Найман айыл аймагындагы маданият үйүндө, мектептин спорт залында жана спорт аянтчасында шайлоого айланыштуу жыйындарды өткөрүү үчүн көрнөк-жарнактарды илүүчү жайларды ижарага берүү жана ижара акысын аныктоо жөнүндө (тиркеме)
Найман айыл аймагындагы мектептердин спорт залында жана спорт аянтчасында,маданият үйүндө жыйындарды өткөрүү үчүн көрнөк-жарнактарды илүүчү жайларды ижарага берүү жана ижара акысын аныктоо максатында жогорудагыларды угуп,талкуулап Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Найман айыл аймагындагы мектептердин спорт залында жана спорт аянтчасында,маданият үйүндө жыйындарды өткөрүү үчүн көрнөк-жарнактарды илүүчү жайларды ижарага берүүгө макулдук берилсин.
Найман айылындагы маданият үйүндө,мектептин спорт залында жана спорт аянтчасында жыйын өткөрүүгө уруксат берилсин(тиркеме тиркелет).
Айыл өкмөттүн аймагында жыйын өткөрүлүүчү жайлардын ижара акысы 2000 сом өлчөмүндө ижарага берилсин.
Айыл өкмөттүн айланасында көрнөк-жарнактарды илүүгө 1 кв.метр 1000 сомдон болуп бекитилсин.
Найман айыл аймагындагы муниципалдык имараттарды ижарага алуу кв.м. айына 1000 сом өлчөмүндө белгиленсин.
Ушул токтом боюнча иш алып баруу жана айылдык кеңештин депутаттарына малымат берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаевге жүктөлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |
Найман айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясынын XXII-1 токтомуна тиркеме |
Найман айыл аймагында жыйындарды, Найман айылынан Найман айылдык маданият үйүнүн имаратында, Улуу Тоо участкасындагы «Улуу Тоо» толук эмес орто мектебинин спорт аянтчасында өткөрүүгө уруксат берилсин.
Найман айылдык Кеңешинин катчысы: | Д.Таирова |