Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-февралы № 9/1
”Кара-Суу шаарындагы канализация жана тазалоочу курулмалардын курулуш долбоорун жактыруу жөнүндө”
Кара-Суу шаарынын инфраструктурасын ондоп, санитардык абалын жакшыртуу максатында «Булганыч сууларды тазалоо боюнча курулманы» куруу үчүн Европалык Банктын өкүлдөрү жана Mott MacDonald компаниясынын эксперттери менен Кара-Суу шаарындагы канализация жана тазалоочу курулмалардын курулуш долбоорун жактыруу максатында Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаарынын инфраструктурасын ондоп, санитардык абалын жакшыртуу максатында «Булганыч сууларды тазалоо боюнча курулманы» куруу үчүн Европалык Банктын өкүлдөрү жана Mott MacDonald компаниясы тарабынан даярдалган Кара-Суу шаарындагы канализация жана тазалоочу курулмаларды куруу долбоору жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кенешинин тийиштүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Х.Хатамов |