Редакцияот 18.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН  (АЛТЫНЧЫ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ IХ СЕССИЯСЫНЫН

 

2015-жылдын 18-февралы № 9/3

“Кара-Суу шаарындагы Ынтымак каналын реаблитациялоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”

Кара-Суу шаарындагы мелкомбинаттын арт жагындагы Өзбекстан менен чектешкен арыкка Савай көчөсүнө, М.Рахимов көчөсүнө, Токтогул көчөлөрүндөгү Ынтымак каналын реаблитациялоого бюджетти бекиткенге чейин акча каражатын бөлүү максатында Кара-Суу шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу шаарындагы мелкомбинаттын арт жагындагы Өзбекстан менен чектешкен арыкка Савай көчөсүнө, М.Рахимов көчөсүнө, Токтогул көчөлөрүндөгү Ынтымак каналын реаблитациялоого Кара-Суу шаардык кенештин бюджет комитетининде каралып, кезектеги сессияда карлсын. 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаардык экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Р.Х.Хатамов