Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 10/3
«Кара-Суу шаар мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин 2014-жылда аткарган иштери жөнүндө»
Кара-Суу шаар мэриясынын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору С.Исмаиловдун 2014-жылда аткарган иштерин угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору С.Исмаиловдун 2014-жылда аткарган иштери «Канаатандыраарлык» деп табылсын.
2. Кара-Суу шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу санитардык абалын жакшыртуу максатында 2015-жылдын 1-апрелинен тартып Кара-Суу шаарына 10 адамды Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинине жумушка кабыл алынсын.
3. Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаменти эмгек акы төлөө жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясынын (Ы.Чырмашевге) тапшырылсын.
Төрага | Р.Х.Хатамов |