Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 10/6
”Кара-Суу шаардык Кеңешинин 2014-жылдагы 18-ноябрындагы № 5/5 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Ысмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаардык Кенешинин 2014-жылдагы 18-ноябрындагы № 5/5 токтомунун 4 пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кара-Суу шаар аймагында жер жана мүлк салыктары Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 334, 323 - беренелеринин негизинде 2014-жылдын 1-январынан киргизилсин.
2. Кара-Суу шаардык кенешинин токтомдорун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Р.Хатамов |