Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 10/8
” Кара-Суу шаар мэриянын 2015-жылдын 12-мартындагы №157 жана 16-марттагы №168 сандуу каттарын кароо жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриянын 2015-жылдын 12-мартындагы №157 жана №168 сандуу катынын негизинде Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаар мэриянын 2015-жылдын 12-мартындагы №157 сандуу катынын негизинде борбордук Ленин көчөсүнүн түндүк тарабындагы “Тураталы”жана “Оомат” базаларынын тушунда атайын иштер аткарылып жаткандыктан шаар тарапта өскөн 31 (отуз бир) даана дарак картайып калгандыгына байланыштуу ал дарактардын ордуна декоративдик кооз көчөттөрдү отургузуу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
2. Кара-Суу шаар мэриянын 2015-жылдын 16-мартындагы №168 сандуу катынын негизинде Кара-Суу шаарынын Линейный көчөсүндө кызыл сызыкта өсүп турган 70 (жетимиш) даана дарактарды кесип салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиигинин Ош аймактык башкармалыгынан жана Кара-Суу райондук бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына (Ы.Чырмашевге) тапшырылсын
Төрага | Р.Хатамов |