Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 10/9
”Кара-Суу шаардык кенешинин 2014-жылдагы 24-июлундагы VII - сессиясынын № 7/2 жана № 7/7 токтомдоруна өзгөртүү киргизизүү жөнүндө”
Ош облусунун прокуратурасынын 2015-жылдын 24-февралындагы чыгыш №11-10д-68А-15 сандуу катынын негизинде Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ош облусунун прокуратурасынын 2015-жылдын 24-февралындагы чыгыш №11-10д-68А-15 сандуу катынын негизинде ”Кара-Суу шаардык кенешинин 2014-жылдагы 24-июлундагы VII - сессиясынын № 7/2 жана жана № 7/7 токтомдоруна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
1. Кара-Суу шаардык кенешинин 2014-жылдагы 24-июлундагы VII - сессиясынын № 7/2 токтому “Кара-Суу шаарындагы 1-2- топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген шаар тургундарын өзүнүн атында болгондо гана (тиешелүү документтери менен) 50% өлчөмдө дүкөн жана башка муниципалдык жерлердин ижара акысы мыйзам чегинде женилдиктер берилсин” деп өзгөртүлсүн.
2. Кара-Суу шаардык кенешинин 2014-жылдагы 24-июлундагы VII - сессиясынын № 7/7 токтому “Кара-Суу шаар тургундары оор салмактагы транспорттук каражаты шаар ичинде чиркегич (прицеп) менен кирип чыгууга райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылы коопсуздук бөлүмчөсүнөн керектүү документтеринин негизинде мыйзам чегинде уруксаат кагазын алуу суралсын” деп өзгөртүлсүн.
3. Кара-Суу шаардык кенешинин токтомдорун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаардык кенештин жооптуу катчысы Н.Кочкорбаеве тапшырылсын.
Төрага | Р.Хатамов |