Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 10/10
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы «Кара-Суу» спорттук клубун түзүү жөнүндө»
Кара-Суу шаарындагы жаштардын дене-тарбиясын чыңдоо жана спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү максатында Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы «Кара-Суу» спорттук клубун түзүү жөнүндөгү маселелерин угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы «Кара-Суу» спорттук клубу түзүлсүн.
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы «Кара-Суу» спорттук клубу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинен тийиштүү аймактык бөлүктөрүнөн мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандары ырасталсын.
Ушул токтомдун аткарылышын Кара-Суу шаар мэриясына милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаардык кенештин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Хатамов.Р.Х. |