Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 10/11
”Кара-Суу шаарынын №134 негизги мектебин окуучуларын Кара-Суу шаарынын №68 К.Рахимов атындагы орто мектепке кошуу жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын 2015-жылдын 3-мартындагы чыгыш №135 катынын негизинде Кара-Суу шаар мэринин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Суу шаарындагы №134 негизги мектебинин окуучуларын ошол эле аймакта жайгашкан Кара-Суу шаарынын №68 К.Рахимов атындагы орто мектепке кошулсун.
Кара-Суу шаарындагы орус тилдүү мектепке талап көп болгондугуна байланыштуу Кара-Суу шаарынын №68 К.Рахимов атындагы орто мектебин орус тилдүү мектебин ачуу Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
Бул токтомдун аткарылышын Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Хатамов |