Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 20-2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн «Турак-жай жана муниципалдык менчиктеги курулуштарды куруу үчүн жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндөгү» токтомун бекитип берүү тууралуу
Кеңеш айыл аймагына караштуу Куу-майдан, Шаңкол, Арбын, Чегеден жана Ак-терек айылдарынын жаштарына 2006-жылдан 2015-жылга чейинки убакытта бир да жаранга үй куруу үчүн жер аянты ажыратылып берилген эмес. Айыл өкмөткө тамарка сурап 1100 атуулдан түшкөн арыз каттоого алынып, кезекке коюлган жана ошондой эле Арбын айылынан өзгөчө кырдаалдан жабыр тарткан 30 атуулдан арыз түшкөндүгүн. Мына ушул атуулдарга үй курууга жер берүү үчүн жер аянттарын бир категориядан экинчи категорияга которуу тууралуу айыл өкмөтүнүн чыгарган токтомун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн «Турак-жай жана муниципалдык менчиктеги курулуштарды куруу үчүн жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндөгү» 2015-жылдын 13-июнундагы № 63-токтому жактырылып, бекитилсин. (айыл өкмөтүнүн токтому тиркелет).
2. Ак-терек айылынан жаңы конуш үчүн турак жай курууга кайра бөлүштүрүү фондунун кайрак айдоо жерлеринен 65.56 га жер аянттарын жана Арбын айылынан кайра бөлүштүрүү фондунун сугат айдоо жеринин № 240-контурунан 3,0 га жер аянты тоо түбүндөгү кооптуу жердеги үй-бүлөлөрдү жылдыруу үчүн турак-жай курууга которууга (трансформациялоого) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө сунуштоо жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке жүктөлсүн
Төрага | Ташбаев М.А. |