Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 20-3
Депутаттыкка талапкерлердин эл менен жоолугушуларын өткөрүү жайын жана жарыяларын илүү үчүн шиттерди уюштуруп берүү тууралуу
Депутаттыкка талапкерлердин эл менен жоолугушуларын өткөрүү жайын жана жарыяларын илүү үчүн шиттерди уюштуруп берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кеңеш айыл аймагындагы төмөндөгү участкаларда Депутаттыкка талапкерлердин эл менен жоолугушуларын өткөрүү үчүн бекитилген жайларда жана жарыя илинүүчү шиттерге төмөндөгүдөй ижара акысы бекитилсин:
Шаңкол айылындагы Шаңкол орто мектебинин спорт аянтчасында ижара акысы 5000 (беш миң) сом.
Арбын айылында Арбын орто мектебинин спорт аянтчасында ижара акысы 5000 (беш миң) сом.
Байыш айылында Маданият үйүнүн имаратында ижара акысы 5000 (беш миң) сом.
Куу-майдан айылында Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасында ижара акысы 5000 (беш миң ) сом.
Ош-Ноокат жолунун боюндагы Ак-терек участкасында жайгашкан шиттин ижара акысы 5000 (беш миң) сом
Куу-майдан айылындагы эки шиттин ар биринин ижара акысы 5000 (беш миң) сомдон
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке жүктөлсүн
Төрага | Ташбаев М.А. |