Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 20-4
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун кароо жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы «2016-2018-жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунун долбоорун жана 2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоору жөнүндөгү» № 103-б буйругунун негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кеңеш айылдык кеңешинин«Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктуна ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
2. Ушул токтомду жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кеңеш айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Ташбаев М.А. |