Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 20-5
Ак-терек айылынын тургуну Марип уулу Замирбектин арызы тууралуу
Ак-терек айылынын тургуну Марип уулу Замирбектин 18-июндагы катуу шамалдан улам жашап жаткан үйүнүн шиферлери учуп кетип, талкаланып калган. Жардамга муктаж жакыр үй-бүлө катары жабыр тарткан үйүнө жардам көрсөтүү максатында Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-терек айылынын тургуну Марип уулу Замирбектин арызы канаттандырысын.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен 10.000 (он миң) сом акча каражаты жардам катары бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн акчаны таап берүү жагы ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянынын төрагасы Анарбай уулу Амирбекке тапшырылсын.
Төрага | Ташбаев М.А. |