Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № XXII-1
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2014-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету
Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2014-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.А.Нурдиновтун отчетун угуп жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.А.Нурдиновтун 2014-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2.Ноокат шаар аймагына тиешелүү болгон жалпы обьекттердин реестрин тактоо шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан 6(алты) айлык мөөнөттө аткарылбаса, муниципиалдык менчик департаменти ишканасын жоюу маселеси шаардык кенештин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында каралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы:-
Төрага | А.Гафаров |